22:57
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ажылык 2018: Зыярачылардын биринчи тобу Меккеге 25-июлда жөнөп кетет

Зыярачылардын биринчи тобу Меккеге 25-июлда жөнөп кетет. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Жоробай Шергазиев билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-июлдан 7-августка чейин Саду Аразияга 18 каттам пландалган. Зыяратчылар Кыргызстанга 27-августтан 9-сентябрга чейин кайтып келет.

Бардыгы болуп ажылыкка 7 миң 20 киши каттоодон өткөн.

«Алардын ичинен 5 миң 400 киши квотанын негизинде барат. Ал эми аймактарга тургундардын санына жараша бөлүштүрүлгөн. Быйыл Баткен облусунан 589 киши, Ош облусунан 1 миң 502, Ош шаарынан 329 киши, Жалал-Абад облусунан 1 миң 292, Чүй облусунан 954 , Бишкектен — 425, Талас облусунан 93, Нарын облусунан 44, Ысык-Көл облусунан 87 киши барат», — деди Жоробай Шергазиев.

Зыяратычларды ташуу ишинин Flaynas авиакомпаниясы колго алган.

Эң көп окулган жаңылыктар