17:44
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Мыйзамсыз иш алып барган акча алмаштыруучу жайга ири өлчөмдө айып салынды

Мыйзамсыз иш алып барган акча алмаштыруучу жайга ири өлчөмдө айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан акча алмаштуруучу жайлардын бири лицензиясы жок иш алып барып жатканы аныкталган. Анын ээсине 100 миң сом өлчөмүндө айып салынган.

Эскерте кетсек, жыл башынан бери мыйзамсыз иш алып барган акча алмаштыруучу жайлардан чогулган айып пулдун суммасы жарым миллионго жеткен. Буга чейин Ош жана Талас облустарындагы акча алмаштыруучу жайлардын ишмердиги жөнгө салынган.

2017-жылдан баштап акча алмартыруучу жайлар жаңы мыйзамдын негизинде иш алып барууда. Мыйзамдын негизинде аларга салынуучу айып пул он эсеге көбөйгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума