21:06
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Москвада жасалма паспорт колдонуп жүргөн Кыргызстан жараны кармалды

Москвада жасалма паспорт колдонуп жүргөн Кыргызстан жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, апрелдин аягында Орусия ИИМинин Москва боюнча аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан шектүү киши кармалган. Аны текшерүү учурунда Кыргызстандын жараны экени аныкталган. Полиция кызматкерлерине анын паспорту шектүү көрүнгөндүктөн кармалган кишини полициянын аймактык бөлүмүнө барууну айтышкан. Ал эми алынган документ салыштыра турган экспертизага жөнөтүлгөн.

Документ 1994-жылы туулган Х.Ш. аттуу Баткен облусунун Баткен районунун тургунуна таандык экендиги такталган.

Ал эми аны 1981-жылы туулган Х.А. аттуу Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургуну алып жүргөн.

Учурда Россия Федерациясынын кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 3-бөлүмү (жасалма документти колдонуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар