10:51
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Аба ырайы: Эртең өлкө аймагында жаан жаап, сел жүрүүсү ыктымал

16-май күнү Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Эртең, өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Ошондой эле 16-майда нөшөрлөп жааган жаан-чачындан улам республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда
түнкүсүн: +5...+10
күндүз: +19...+24

Талас облусунда
түнкүсүн: +4...+9
күндүз: +19...+24

Баткен облусунда
түнкүсүн: +8...+13
күндүз: +19...+24

Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн: +8...+13
күндүз: +19...+24

Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн: +2...+7
күндүз: +14...+19

Нарын облусунда
түнкүсүн: +2...+7
күндүз: +14...+19

Эң көп окулган жаңылыктар