13-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондордо, Ош облусунун тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз дээрлик жаан жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17...22, күндуз 33...38;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 30...35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18...23, күндуз 33...38;
Ысык-Көл облусунда тункүсүн 10...15, күндүз 24...29;
Нарын облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 25...30;
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы 19...21°, күндүз 35...37° жылуу болот.