14:28
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кадыржан Батыров Кыргызстанга кайтып келүүнү каалайт

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Кадыржан Батыров Кыргызстанга кайтып келгиси келет. Бул тууралуу космонавт Кыргзы эл баатыры Салижан Шарипов kaktus.media сайтына берген маегинде билдирди.

Салижан Шариповдун пикиринде, 2010-жылдагы Ош коогалаңына айыпталган Кадыржан Батыровдун күнөөсү далилденген эмес.

«Кадыржан чындап 2010-жылдагы апрелде сөз сүйлөгөн. Бирок, линвисттер дагы анын сөзүнөн өлкөнү автономияга бөлүү боюнча чакырык табышкан эмес. Ал Кыргызстанды өзүнүн мекени деп эсептейт жана кайтып келгиси келет» — дейт Салижан Шарипов.

Ал андан тышкары ал Кадыржан Батыровдун мүлкүн сатып албагандыгын айтып, аны Алмазбек Атамбаев тарабынан атайын каралоо катары белгилейт.

«Мен Кадыржан Батыровду тааныйм. Бирок, анын мүлкүн алган эмесмин. Болгону Жалал-Абадда бош турган университеттин акцияларын Алмазбек Атамбаевдин макулдугу менен сатып алганмын. Кийин экс-президент мени каралап, Батыровду мүлкүн өзүнө өткөрүп алган киши катары жарыялады. Бирок, текшерүүдө менде Кыргызстанда мүлкүм жок экендиги аныкталды» — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар