12:15
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Сооронбай Жээнбеков учкуч-космонавт Салижан Шарипов менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков учкуч-космонавт Салижан Шарипов менен жолугушту. Бул тууралуу анын аппараты маалымдайт.

Мамлекет башчысы Кыргызстанга келген Салижан Шарипов менен жылуу учурашып, атактуу мекендешин ар дайым кубаныч менен тосуп алууга даяр экенин белгиледи.

Космонавт-учкуч Салижан Шарипов жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын ар тараптуу өнүгүүсүнө болгон жардамын берүүгө даярдыгын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар