12:11
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Кыргызстандын 45 мектеп окуучусу Кытайда эс алууга жөнөтүлөт

Кыргызстандын 45 мектеп окуучусу Кытайда жайкы эс алууга жөнөтүлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Алардын маалыматында,жайкы лагерге ШКУга кирген өлкөлөрдүн жарандары кабыл алынат. Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандан жалпысынан 200 бала барат.

«Ар бир аймактан төрттөн бала алабыз. Андан тышкары Ош жана Бишкек шаарларынан 7ден тандалат. Балдарды беш мугалим коштойт» — дейт билим берүү министрлиги.

Эң көп окулган жаңылыктар