01:19
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Кытайга бара турган окуучулар аныкталды. Ош шаарынын мектептеринен эч ким жок

Кытайга эс алууга Бишкек шаарынан 30га жакын бала, ал эми эң аз 2 окуучу Чүй облусунан барат. Бул «24.kg» агенттигине Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Алардын маалыматында, Ош шаарынын мектептери эс алууга баруудан баш тартышты.

«Биз облус, райондордун билим берүү башкармалыктарына жайкы лагерге балдарды тандоо боюнча кат жөнөткөнбүз. Алар бизге окуучулардын тизмесин беришти. Негизи ар бир облус, шаарларга бирдей орун бөлүнгөнү менен мүмкүнчүлүгү жок бара албай турган окуучулардын эсебинен тизмеде орундардын саны өзгөрдү. Мисалы Ош шаары таптакыр баш тарткан», -деп билдиришти министрликтен.

Окуучулар барып келиш жол киресин өздөрү төлөшөт. Калган чыгымдарды Кытай каржылайт.

Маалыматка караганда, коңшу өлкөгө республикалык олимпиадаларда алдыңкы орундарга ээ болгон балдар, үлгүлүү, коомдук иштерге активдүү катышкан мектептин алдыңкы окуучулары тандалып алынды.

Эске салсак, 2016-жылы Кытайдын жайкы лагерине ШКУга мүчө өлкөлөрдүн окуучулары эс алып келишкен. Бул жылы лагерь Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан жалпы 200 окуучуну кабыл алуу ниетинде. Балдарды республикалык олимпиадаларда жеңишке жеткен окуучулардын мугалимдери жетектеп барат.

Эң көп окулган жаңылыктар