15:54
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Аврорадагы» уулануу. Сегиз бейтап ооруканадан чыкты

Чолпон-Атанын ооруканасынан «Аврора» санаторийинде уулангандар сакайып чыга баштады. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бардыгы он сегиз киши жабыркаган, алардын он алтысы тамактан ууланды деген тыянак менен кечээ кечинде, дагы эки киши бүгүн эртең менен медициналык жардам сурап кайрылган.

Учурда сегиз бейтап ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен жетөө чет элдик спортчулар болсо бир киши санаторий кызматкери. Учурда дагы он адам дарыланууда. Алардын ичинде 2006- 2008- жылдары туулган балдар бар.

Эң көп окулган жаңылыктар