Новосибирск, Красноярск, Абакан жана Карасука аймагындагы базарларга сатууга барган 125, 98 тонна пияз жана 20,5 тонна капуста Орусиянын чек арасында кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Новосибирск областык айыл-чарба көзөмөл башкармалыгы билдирет.
Маалыматта айыл-чарба товарларынын маркировкасы жоктугу айтылат.
Андан сырткары, Казакстандан барган мөмө-жемиш дагы кармалды. Товарлар артка жөнөтүлдү.