17:47
USD 69.11
EUR 81.33
RUB 1.04

Түркменстанда кашын жана тырмагын боегон аялдар айып пулга жыгылууда

Түркмөнстанда кийим кийүүгө киргизилген жаңы талаптарга байланыштуу аялдар суракка алынып, жоопкерчиликке тартылышууда.

Апрелдин соңунда Түркмөнстанда чачты боё, макияж жасоо, жана ачык түстөгү маникюрга тыюу салынган. Мындан тышкары аялдар узун жана денеге чапташпаган көйнөк кийүүгө милдеттендирилген.

Маалыматтарга караганда, айып пул өлчөмү 150 манатты (40 доллардын тегереги) түзүүдө. 

Түркмөнстанда жаңы дресс-кодду биринчи кезекте мамлекеттик мекеме-ишканаларда иштеген аялдар менен жогорку окуу жайлардын студенттери сакташы керек. Айрым жетекчилер бул талапты кызматкердерди жумуштан кетирүүдө курал катары пайдаланып жатканы айтылууда. Өз булак билдиргендей, Ашхабаддагы банктардын биринде кийим кийүү талабын сактаган эмес деген шылтоо менен бир нече аял иштен бошотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар