23:24
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Түркмен армиясы кокустан кол салууга даярдык көрүүдө

Түркмөн ММКлары аскердик машыгуулар улуттук армиянын согушка жөндөмдүүлүгүн текшерүү максатында президенттин буйругу менен жүргүзүлгөнүн билдиришти.

Маалыматтарга караганда, 4-майда түркмөн президенти окуу-машыгуу полигондорунун бирине күтүүсүздөн кирип барган. Мамлекет башчыга улуттук армияга келген заманбап аскердик аба техникалары тааныштырылган.

«Абадан коргонуу күчтөрү, Кургактагы аскер түзүмдөрү, Деңиз-Аскер күчтөрү жана атайын багыттагы топтор шарттуу душманды, анын ичинде диверсиялык топторду жок кылуу боюнча чеберчиликтерин көрсөтүштү», деп жазышты расмий басылмалар.

Президент былтыр августагы текшерүүлөрүнүн биринде өзү дагы бир нече курал-жаракты колдоно аларын көрсөткөн.

Аскердик машыгуулардан кийин, 5-майда Гурбангулы Бердымухамедов Коопсуздук кеңешинин көчмө жыйынын өткөрүп, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисине сөгүш жарыялады. Чиновник кандай кемчилик кетиргени айтылган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума