05:31
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Зеленский: «Крым бошотулмайынча согуш аяктабайт»

Киевдин аракеттери Украинанын түштүгүндөгү жана чыгышындагы оккупацияланган аймактарды бошотууга багытталган, бирок башкы максат — Орусия 2014-жылы аннексиялап алган Крым жарым аралын бошотуу.

Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский CNN телеканалына берген эксклюзивдүү маегинде билдирди.

«Биз Украинаны Крымсыз элестете албайбыз. Крым Орусиянын оккупациясында турганда согуш аяктабайт. Крымсыз тынчтыкка жетишүү мүмкүн эмес, биз үчүн ал жеңиш болбой калат», — деди Зеленский.

Украин президенти ошондой эле июндун аягында Орусияда болгон куралдуу козголоң жөнүндө айтып, Кремлдин бийлиги өтө бекем эмес экенин белгиледи. «Евгений Пригожиндин тездик менен жасалган козголоңуна карата Путиндин реакциясын көрдүк. Ал алсыз болду. Бардык нерсе анын көзөмөлүндө эмес экенин көрдүк. «Вагнерчилердин» бир нече регионду аралап өткөн жүрүшү муну оңой эле ишке ашырса болорун далилдеди. Путин аймактардагы абалды көзөмөлдөбөйт», — деди украин президенти.

Зеленскийдин CNN телеканалынын журналисти Эрин Барнеттке берген маегинин толук тексти 3-июлда жарыяланган.

Дүйшөмбү күнү Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр өткөн аптада өлкөнүн чыгыш аймагында бошотулган аянт тогуз чарчы чакырымга, чыгыш бөлүгүндө 28,4 чарчы чакырымга кеңейгенин билдирди. «Өлкөнүн түштүгүндө бошотулган жерлердин жалпы аянты 158,4 чарчы чакырымга жетти», — деди министрдин орун басары.

Орусия Киевдин бул билдирүүсү боюнча комментарий берген жок.

Эң көп окулган жаңылыктар