20:51
USD 89.41
EUR 96.91
RUB 0.97

Мыйзамсыз жана кооптуу. Украинада жумуш жана азаттык издеген мекендештер

Украинадагы согуш күчөгөн сайын Орусияга жаңы күч талап кылынууда. Мигранттарды келишим менен аскерге жана «Вагнер» менчик аскердик компаниясынын катарына тартуу аракети күч. Орусиядагы мекендештердин айтымында, «Сахарово» миграциялык борборунда, мечиттерде, түрмөдө жана көчөдө согушка азгырыктар жүрүүдө.

Кыргыз медиасында Украинадан сөөгү келген мекендештер жөнүндө маалыматтар байма-бай жарыяланууда. Мигранттар Орусия аскерлеринин көзөмөлүнө өткөн Украина шаарларын оңдоп түзөөгө дагы тартылып баштады.

Фронт аркылуу эркиндикке жол

Украинада куралдуу кагылышуу башталгандан бери жергиликтүү медиада кеминде 15 кыргызстандык каза болгону тууралуу маалымат жарыяланды. Алардын төртөө абакта сот жазасын өтөп жатканы белгилүү. Алардын туугандары эркиндикке чыкканы тууралуу кабардын ордуна табытка салынган сөөгүн алышты.

Орусияда соттолгон жарандардын кантип согушка катышып, кандай учурда көз жумганы белгисиз. Расмий органдар мындай маалыматты беришпейт.

Каза болгондордун туугандарынын айтымында, сөөк менен бирге табытты ачпай эле ислам дининин жөрөлгөлөрү менен жерге берүү боюнча кат дагы келген.

Учурда дагы канча кыргызстандык «Вагнерде» кызмат өтөп жатканы белгисиз. Тышкы иштер министрлигинде дагы мындай маалыматы жок.

Анткени Орусия тарап согуш талааларында каза болгон, аскерде, же менчик аскердик компанияга кошулган чет элдик жарандар боюнча кабарлабайт.

«Украинада каза болгон жарандар боюнча маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарынан жана алардын туугандарынан алынат», — дейт ТИМ.

Белгилей кетсек, Кыргызстандщын Кылмыш-жаза кодексинде чет өлкөдө куралдуу кагылышка катышкандарга кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Ар кимдин өз эрки

Тышкы иштер министрлиги Орусия менен кыргызстандыктарды согушка катыштырбоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул маселе акыркы жолугушууларда көтөрүлүп жатат.

Бирок, кыргыз жарандары өз эрки менен согушка катышып жатканы айтылат.

Дипломаттар менен кыргыз диаспора жетекчилери Орусиядагы мекендештер арасында түшүндүрүү иштерин тынбай жүргүзүүдө. Абактарга барышып, ал жакта эркинен ажыратылган кыргыз жарандарына маалымат беришүүдө.

Диаспора өкүлдөрүнүн айтымында, Украинага барууга көбүнчө акчага муктаж болгондор, мыйзам жоопкерчилигинен качкандар жана оор кырдаалган туш болгондор макул болушат.

«Биз бир мекендешти издеп жүрдүк. Ал бир нече аялды акчага алдап кеткен. Алардын бири издеген адам социалдык тармакта Украинадан сүрөттөрүн чыгарып жатканын айтып калды. Көрсө согушка кеткен экен», — дейт Улан Кошматов.

Анын айтымында, каза болгондордун арасында мигранттарды талап-тоноо фактысы менен соттолуп кеткендер бар.

«Абакта азгыруу күч. Биз дагы сөөгү келгенде билип калабыз. Айрымдарга алдын-ала айтсаң дагы укпайт. «Өз эрким» деп жооп беришет», — дейт Улан Кошматов.

Белгилей кетсек, Орусиядагы диаспора жетекчилеринин көпчүлүгү ачык маалымат берүүдөн баш тартышып, аты-жөнүн белгилебей гана айтууга макул болушту.

Алардын билдирүүсүндө, Орусияда төрөлүп, чоңоюп калган жаш жигиттердин көпчүлүгү өз эрки менен согушка барып кайтышты.

Жакында эле Свердловск облусунда турган төрт кыргызстандык үй-бүлөгө уулдарынын сөөгү келди. Акыркы айларда бул аймакта беш соттолгон адам «Вагнерге» кошулуп Украинага кеткенин айтышат.

«Мен төрт биздин соттолгон мекендеш Украинага барып келгенин билем. Алар азыр эркиндикте жүрөт. Мен билгенден аларга журналисттер менен байланышууга болбойт», — деп кабарлады диаспора өкүлү.

Биздин уулдарыбыз кайда?

Балдары Орусиянын абагында олтурган ата-энелер тынч олтура албай кабатыр болуп, ТИМ, Башкы прокуратуранын эшигин каккылап жүрүшөт.

Алар уулдарын тез арада Кыргызстанга которуп, жаза мөөнөтүн бул жактан улантуусун суранышууда. Ата-энелер балдарын азгырыкка алдырып, Украинага кетип калабы деп коркушат.

Бул маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн. Жыл башынан бери 19 жаран экстрадицияланды. Дагы 38 кыргызстандыктан кагаздары даярдалууда.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин айтымында, Орусиянын абактарына 1 миң 77 жаран олтурат. Бул маалыматты эркинен ажыратылган жарандардын ата-энелери жокко чыгарат.

Гүлмира Шакенованын эсебинде, Орусиянын тергөө абактарында жана түрмөсүндө 3 миңдей кыргызстандык бар.

«Биздин ата-энелердин атайын ачкан WhatsApp тобубузга жума сайын 1-2 адам кошулат. Акыркы жылда эле андагы ата-энелердин саны 150гө көбөйдү. Балдарыбыздын көпчүлүгү баңги зат менен кармалышкан. 19-25 жаштагы жигиттер», — дейт.

Асел Асанованын айтымында, соттолгондор абактан чыгарына иишенбейт.

«Красноярск шаарында бир баланы 8 жылга эркинен ажыратты. Андан аз бербей жатышат. Балдар түрмөдөн чыгарына ишенбей, Украинага кеткеним жакшы», — дейт ал.

Жумуш издеп

Таксист болуп иштеген Нурлан (аты өзгөртүлдү) мигранттарды Казакстандын чек арасына алып барып келип жатса, жаңы жылдан бери Украина тарапка дагы каттап калды. Аптасына 5-6 кыргыз Нурланга өтүнүч менен кайрылып калат. Чек арадан ары мигранттар өздөрү кетишет.

Нурландын маалыматында, Украинага иштөөгө курулушчулар, сантехниктер барып жатышат.

«Мигранттардын 90 пайызы насыя алган. Ал жакта жакшы айлык төлөп берет, туруктуу жумуш бар. Орусияда баары туруктуу болбой жаткан учурда мигранттар эптеп акча табуунун айланасын көрүп жатат», — дейт ал.

Ээн калган шаар

Кырк жаштагы Максат (аты өзгөртүлдү) 2022-жылдын декабрь айынан бери Мариопуль шаарында иштеп жатат. Айына 150 миң рубль алат. Анын айтымында, тамак-аш, жатакана менен камсыз болгон.

Максат менен иштегендердин көпчүлүгү тажик жана өзбек улутундагы мигранттар. Кыргыздар эми гана көбөйө баштады. Айлык акыны убагында берип жаткандыктан, Максат дагы жарым жылга келишимди узартты.

Мариуполь шаарында эл аз. Жергиликтүү тургундардын 20-30 пайызы гана калган дейт.

«Шаар тынч. Коопсуз. Эч кандай согушту, атышууну көрбөдүк. Биз бузулган үйлөрдү оңдоп жатабыз. Жергиликтүү тургандар менен сүйлөшкөн деле жокпуз. Бизге карата эч кандай жек көрүү сезимин дагы байкабадык. Биздин жөн гана жумушчу экенибизди түшүнүп жатса керек», — дейт ал.

Мыйзамсыз жана кооптуу

Украинага кеткен жумушчулар кыргыз дипломаттары үчүн жаңы маселелерди жаратууда. Юристтер менен дипломаттар эми украин-орус чек арасында калган мигранттарды чыгаруу менен убара.

«Кыргыз биримдиги» уюмунун юристи Аниса Жээнбекованын айтымында, Луганск, Донецк жана Мариуполь шаарына баруу мыйзамсыз жана ал жакка жумушка тарткан бир гана мамлекеттик программа жок.

Иш издеп кеткен мигранттар айлык ала албай калышууда.

Айрым мекендештер Федералдык миграциялык кызматтын «кара тизмесинде» болгонуна карабай Орусиядан Украинага өтүп кетишүүдө.

Аниса Жээнбекованын айтымында, ТИМ менен биргеликте азыр эки кыргыз жаранынын маселеси каралууда. Алардын бири «кара тизмеге» киргенин билип Украинага кеткен. Кайра Орусияга кирбей болгондо, ага тыюу салынганы ачыкка чыгып, өтө албай калган. Дагы бирөөнүн паспортунун мөөнөтү аяктап, чек арага келгенде «кара тизмеде» экендиги дагы аныкталат.

«Ал жерде калып калгандардын эки гана жолу бар: Орусия жашыл коридор ачып берсе, ошол аркылуу өтүп, мекенине кайтып келүү. Бирок буга узак убакыт керек. Же Украинага багынып берүү. Ал жакта мыйзам жоопкерчилигине тартылып, 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн», — дейт Аниса Жээнбекова.

Укук коргоочулар мекендештерине өз өмүрүн тобокелдикке салып, согушууга дагы, иштөөгө дагы барбоого чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар