17:40
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Түркияда өткөн тогуз коргоол сынагында кыргызстандык спортчулар жеңишке жетишти

Түркияда өткөн Anatolia Open эл аралык сынакта кыргызстандык жигиттер тогуз коргоол боюнча баш байгени багындырды. Бул тууралуу «24.kg» сайтына Тогуз коргоол федерациясы билдирди.

Таймаш Анталья шаарында өткөн. Сынакта Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Пакистан, Орусия жана Түркия мамлекеттеринин спортчулары ат салышкан. Программага бир нече интеллектуалдык оюндар камтылган.

Кыргызстандын атынан сегиз спортчу катышып, тогуз-коргоол боюнча эркектер арасындагы оюнда Анарбек Жамакеев биринчиликти багындырса, экинчи орунду Бектур Тыныбеков ээлеген. Ал эми аялдар арасында Гүлжамал Сарыкеева жана Жаңыл Сагынбекова үчүнчү орунду ээледи. Андан тышкары бестемше оюнунда Чоро уулу Нурдин экинчи орунду багындырса, Аким Нурсеитов үчүнчү орунга татыктуу болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар