05:13
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бий үчүн Кыргызстанда жашап калган Сибирь кызы Надежде Бурау

Надежде Бурау 2012-жылы биринчи жолу Россиянын түндүгүндөгү Ноябрьск шаарынан Кыргызстанга келет. Анын Бишкекте жашап калуусуна спорттук бийчи Фарух Мамаджанов себепчи болот. Анткени, секелек кезинен бери эле бийге баш оту менен кирген кыз жакшы шерик таппай жүргөн.

«Жакшы партнер табуу өтө кыйын. Андыктан Фарухту көргөндө ойлонбой туруп Кыргызстанда калдым. Мелдеш сайын ийгиликтерибиз өсүп жатат. Жакында эле Россияда биринчиликти алдык», — дейт ал.

Надежде Бурау төрт жылда бери Кыргызстанда жаш бийчилерди дагы машыктырып келет.

— Кечке иштеп, машыгып жүргөндүктөн шаарды көп кыдырбайм. Анткен менен Эркиндик сейил багы жагат. Түштүк кичирайондоруна дагы көп барам.

— Бишкекте жүргөндө көбүнчө эмнеге куса болосуз?

— Ата-энемди сагынам. Алар менен бир шаарда жашагым келет. Ата-энемди жылына 1-2 жолу гана көрөм. Ноябрьск шаарындагы менин мурдагы машуктуруучуларым Фарух экөөбүзгө жаш бийчилер менен иштөөнү сунушташты. Аны уккан апам кубанып, биринчи жолу менин жумушума канааттанды. Буга чейин бийди таштап, архитектор болуумду суранчу.

— Кыргызстанда көбүнчө эмне таң калып, көнө албай койдуңуз?

— Эми Россия менен Кыргызстан эки башка өлкө. Бир гана тоодогу кар окшош болсо керек. Мен шаарда мөмө-жемиш жана жашылчанын көптүгүнө абдан кубанам. Мен өскөн калаада мөмө-жемиш өтө аз болчу. Бишкекте жыл бою каалаган мандаринди сатып алсаң болот.

Палоону абдан жакшы көрөм. Бирок, ушу майлуу эттер өтө жага бербейт.

— Жергиликтүү эл боюнча эмне айта аласыз?

— Мен Кыргызстан менен кичинекей кезимден эле таанышмын. Апам Кыргызстанда төрөлгөн. Канымда дагы азиат улуту бар. Андыктан, мени кыргыз менен дагы адаштырып алышат. Элдер болсо баардык жакта бирдей.

Эң көп окулган жаңылыктар