11:12
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Аккула ат майданында мина табылды

Бишкектеги Аккула ат майданында мина табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-майда, болжол менен саат 20:00 чамасында 102 кызматына шаардык ипподромдун кире беришинен шектүү зат табылганы маалымдалган.

Аталган аймакка ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери барып, ат майдандын тегерек-чети курчоого алынган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, табылган зат дат баскан жана колдонууга жараксыз мина экени аныкталган. Андан башка коркунуч жараткан жарылуучу зат табылган эмес.

Учурда минаны жок кылуу үчүн атайын жайга жеткиришти.

Эң көп окулган жаңылыктар