17:40
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Эс алуу күндөргө карата республикада күтүлгөн аба-ырайы

Эртең, 5-майда Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Нарын облусунда 14 метрге жетиши ыктымал.

6-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Ал эми эс алуу күндөрү Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 6-майда күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет.

Эң көп окулган жаңылыктар