17:09
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ысык-Көлдүн апалары эң шайыр деп табылды

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалын «Ыссык-Көл ажары» чыгармачыл тобу жеңип алды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирет.

Фестивалга жети облустан келген 43 чыгармачыл топ катышып, өнөрүн ортого салып ат салышты. Калыстар тобу Ысык-Көл облусунан келген апаларды шайыр деп таап, баш байгени ыйгарды.

Белгилей кетсек, бул иш-чара «Региондорду өнүктүрүү жылынын» алагында Кырыгыз телевидениясынын 60 жылдыгына арналып Коомдук телерадио корпорациясы жана Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулду.

Эң көп окулган жаңылыктар