14:18
USD 89.43
EUR 96.69
RUB 0.97

Ыдырыс Исаковго кол салуу. Оштун журналисттери президентке кайрылды

Эркин журналист Ыдырыс Исаковдун сабалышы боюнча Оштогу медиа коомчулугу кайрылуу жасады.
 
Алар президент Садыр Жапаровдон ишти жеке көзөмөлүнө алып, кылмышка шектелип аткан «Пансионат Ош» мекемесинин мурдагы директору Маматкарим Койчукуловду мыйзам чегинде жоопко тартылышын талап кылышууда.
 
«Эркин журналист Ыдырыс Исаковдун жумуш учурунда сабалышы — журналисттердин беделин түшүрүүгө багытталган кылмыштуу аракет жана сөз эркиндигине урулган сокку. Ыдырыс Исаков эркин журналист катары өзүнүн ютуб каналы аркылуу журналисттик ишмердигин жүргүзүп келет. Анын чуу жараткан бул жолку иликтөөсүндө Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдары жана журналисттик этика сакталган деп эсептейбиз», — дейт журналисттер.
 
«Ош» пансионатынын мурдакы директору Маматкерим Койчукулов журналист Ыдырыс Исаковго кол көтөрдү. Бул боюнча милиция тергөө ишин баштады.
Эң көп окулган жаңылыктар