Кыргызстанда алгачкы жолу бейтапка бионикалык протез салынды. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын пластикалык реконструктивдүү микрохирургия жана сөөк хирургия бөлүмүнүн микрохирургу Султан Тукешов өзүнүн Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазып чыккан.
«Эгер каалоо болсо барына жетсе болот. Биздин топ муну ишке ашырды. Сиздерге Кыргызстанда алгачкы жолу жасалган бионикалык протезди тартуулайбыз. Мындай нерсени мурун тасмадан же чет мамлекеттен гана көрчүбүз. Сөөгү өрчүбөй калган бейтап, эми өзүнө-өзү кызмат көрсөтө алат. Протезди ал ой менен башкарат. Бул экинчи кадам болду. Үчүнчү кадам протездин сырткы көрүнүшүн жана ыңгайлуулугун камсыздоо болот. Биздин 3D дизайнер мунун үстүндө иштеп жатат», — деп жазган дарыгер.