07:20
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Эл аралык террорчулук топ Бишкекте кан төгүлөөрүн айтып корутууда

Эл аралык террорчулук топтун өкүлдөрү Бишкекте кан төгүлөөрүн айтып коркутууда. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланган.

«Бишкекте азыр болуп жаткан нерселер, чыныгы кан төгүүгө даярдык», — деп сүйлөшкөн видеодо.

Алар Мукарам Токтогулованы жайына коюну талап кылышкан. Эгер талап аткарылбаган шартта жогорудагыдай кадамдарга бара тургандыктарын айткан.

«Биз Бишкектин бийлигине шарт коёбуз. Алар эжебиз Мукарамды жайына коюшсун. Болбосо кан төгүлөт. Мукарам Токтогуловага зыян келтирүүнү каалагандар тозок отуна күйөт. Мындай нерсени эч кимге каалабайбыз»- деген пикирлерин видео аркылуу билдиришкен.

УКМК учурда видеонун авторлору изделип жатканын айтты.

Эскертет кетсек, буга чейин Борбор Азиядагы Америка университетинин мугалими Мукарам Токтогулова «Ата жолы» диний агымынын мүчөсү экени айтылып келген. Facebook социалдык түйүнүнүн колдонуучусу Адылбек Джаркин Мукарам Токтогулова лекцияларында аталган диний агым тууралуу маалымат таратып жаткандыгын жазып чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар