07:13
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга даяр

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаев өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга даяр. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине партиянын саясый кеңешинин мүчөсү Марат Аманкулов билдирди.

Анын айтымында, партиянын саясый кеңешинин жыйынында төраганын орун басарлыгына Сапар Исаков менен Асел Кодуранова тандалып алынып, Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбеков менен баарлашуусу боюнча дагы кеп козголгон. Мурдакы мамлекет жетекчиси жолугушууга даярдыгын билдирген.

КСДПнын саясый кеңешинин жыйыны 19-апрелде өттү. Айрым маалыматтарга караганда, бул жыйындан кийин Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев кездешип, бирок, бир пикирге келе алышкан эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар