21:56
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Сооронбай Жээнбековдун планында Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу каралган эмес

Сооронбай Жээнбековдун Алмазбек Атамбаев менен жолугушуусу планында жок. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева жергиликтүү ЖМКга билдирди.

Анын айтымында, президент Алмазбек Атамбаев менен акыркы күндөрдө жолуккан эмес.

«Мамлекет башчысы аймактарды кыдырууда. Планында Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу жок» — дейт ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстан социал-демократтар партиясынын саясый кеңешинин жыйынында Алмазбек Атамбаев президент менен жолугушууга даярдыгын билдирген.

КСДПнын саясый кеңешинин жыйыны 19-апрелде өттү. Айрым маалыматтарга караганда, бул жыйындан кийин Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев кездешип, бирок, бир пикирге келе алышкан эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар