07:04
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Той улантылат. Өкмөт III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрөт

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү уланууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин пикиринде, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу масштабдуу иш чараларды өткөрүү Ысык-Көл облусунун туристтик потенциалын кеңейтүүдө жана биздин өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркын илгерилетүүдө таасирдүү аянтча болуп калат.

«Кыргыз эли нечен кылымдык тарыхы бар, бай жана кайталангыс маданиятка ээ. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары биздин салт-санаабызды, спорттун улуттук турлөрүн жана өзгөчөлөнгөн маданиятыбызды дүйнө жүзүнө дагы бир жолу даңазалап алуунун кайталангыс мүмкүнчүлүгү», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев ири иш-чарага даярдык көрүү боюнча кеңешмеде.

Өкмөт башчысы мамлекеттин саясий турмушундагы окуялар III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү сапатына таасирин тийгизбеши керек деп эсептейт.

«Ар бир мамлекеттик орган, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү оюндарды жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшашы керек. Мындан бүтүндөй өлкөнүн кадыр-баркы көз каранды», — деди ал.

Эскерте кетсек, Көчмөндөр оюнун өткөрүүгө бюджеттен 360 миллион сом бөлүндү. Андан тышкары, бул жылы «Кумтөр» ишканасы ири демөөрчүлүк көрсөтөрү маалымдалган.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ар эки жыл сайын өткөрүүгө Жогорку Кеңештин айрым депутаттары каршы чыгып, быйыл аны токтотууну сунушташкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума