17:29
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кесиптик лицейлерде балдарды акысыз окутуу сунушталууда

Көптөгөн мектептерде начар окуган окуучуларды 9-классты аяктаган соң кетирип жиберет. Мындай пикирди депутат Мирлан Жеенчороев билдирди.

Анын айтымында, учурда «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдун талкуусуна алынып чыкты.

«Жыл сайын 98 миң бала 9-классты аяктайт. Алардын арасынан 10-11-классты 64 миң гана бала окуйт экен. Башталгыч адистик билим берүү мекемелерине 6 миң бала барса, орто кесиптик билим берүү мекемелерине 15 миң бала тапшырат экен. Ошондой эле 12 миң бала чоң турмушка кадам таштап жатат. Алардын өз алдынча оокат кылып кетүүгө мүмкүнчүлүктөрү дагы жок», -деди депутат.

Мыйзам болбооруна ылайык, 9-классты аяктаган окуучулардын кесиптик лицейлерде билим алуусун акысыз кылуу сунушталууда.

«Мыйзам болбооруна ылайык, мындай сунуш 16 жашка толгон өспүрүмдөр үчүн гана жайылтылат. Ал эми 16 жашка чейин окуусун мектепте улантышы керек», — деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар