09:57
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга 60 миллион доллар бөлүнөт

Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун жана тамактанууну жакшыртуу үчүн БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында 60 миллион доллар бөлүнөт. Тиешелүү макулдашууга кыргыз өкмөтү менен аталган уюм кол койду.

Беш жыл аралыгында БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында 60 миллион доллар берилет. Каражат азык-түлүк коопсуздугун жана мектептеги тамактанууну оптимизациялоого, ошондой эле айыл тургундарынын жашоо шартын жакшыртууга багытталмакчы.

«Программанын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө басым жасалат», — деди вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова.

Андан тышкары айыл мектептерин техникалык жабдуулар менен камсыздоо, айыл-чарба продукцияларын өндүрүп, кайра иштеп чыгуу, жер көчүү жана сел жүрүү сыяктуу жаратылыш кырсыктарын алдын-алуу аракеттери дагы көрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар