Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун жана тамактанууну жакшыртуу үчүн БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында 60 миллион доллар бөлүнөт. Тиешелүү макулдашууга кыргыз өкмөтү менен аталган уюм кол койду.
Беш жыл аралыгында БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында 60 миллион доллар берилет. Каражат азык-түлүк коопсуздугун жана мектептеги тамактанууну оптимизациялоого, ошондой эле айыл тургундарынын жашоо шартын жакшыртууга багытталмакчы.
«Программанын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө басым жасалат», — деди вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова.
Андан тышкары айыл мектептерин техникалык жабдуулар менен камсыздоо, айыл-чарба продукцияларын өндүрүп, кайра иштеп чыгуу, жер көчүү жана сел жүрүү сыяктуу жаратылыш кырсыктарын алдын-алуу аракеттери дагы көрүлөт.