03:59
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Президент өлкөнүн жол катнашын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн Кыргызстандын транзиттик потенциалын жогорулатуу жана жол-транспорт комплексин өнүктүрүү боюнча долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов өлкөнүн жол-транспорттук комплексинин азыркы абалы жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат берди.

Мамлекет башчысы өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу, аймактардын инфраструктурасын, калктын жашоосун жакшыртуу, ошондой эле мамлекет ичиндеги жүк агымын жана жүргүнчүлөрдүн агымын транспорттун альтернативдүү түрлөрүнө диверсификация кылуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында өлкөнүн жол катнашын, анын ичинде Кыргызстандагы темир жол байланыштарын өнүктүрүүнүн маанисин белгиледи.

Министр Жамшитбек Калилов жол-транспорттук байланышты өнүктүрүүнүн келечеги жана жолдорду салуу долбоорлору боюнча кызыкдар тараптар менен кызматташуу маселелери жөнүндө айтып берди.

Ошондой эле ал 2018-жылдын май айында Бишкек шаарында өтө турган Шериктештикке катышуучу мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Кеңешинин кезектеги отурумуна даярдыктын жүрүшү тууралуу билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар