11:35
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Сапар Исаковдун суракка чакырылышынын себеби белгилүү болду

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкек электр жылуулук борборун модернизациялоо маселесине байланыштуу УКМКга суракка чакырылган. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине мекемеден билдирди.

УКМК Сапар Исаков суракка күбө катары чакырылганын тастыктады.

Эскерте кетсек, аталган маселе боюнча энергетика тармагынын жооптуу кызматтарында отурган жети киши камакка алынган. Алардын арасында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев жана «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов дагы бар. Алардын бардыгы жемкордук беренеси боюнча айыпталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар