20:04
USD 69.83
EUR 79.74
RUB 1.06

Салттуу музыка күнүнө карата 200дөй окуучу «Токтогулдун кербезин» аткарды

Жалал-Абад облусунун «Билимкана -Шабдан» мектебинин окуучулары Токтогул Сатылгановдун белгилүү күүсү — «Токтогулдун кербезин» аткарышты.

Мектептин жетекчиси Элнура Осмоналиеванын айтымында, алар күүнү аткарууну салттуу музыка күнүнө багыштады. Жалпысынан 2-10 класстын 176 окуучусу катышты.

Салттуу музыка күнү Кыргызстан 2013-жылдан бери 25-апрелде белгиленип келет.

Эң көп окулган жаңылыктар