30-апрелден 1-майга чейин кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кытай мамлекетинин Эмгек майрамына байланыштуу «Торугарт» жана «Иркештам» өткөрүү пункттары Кытайдын демилгеси менен жабылууда.
Чек ара өткөрүү пункттарынын иши 2-майда жанданат.