00:58
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

«Күмтөр» боюнча келишимди аткаруу мөөнөтү 31-майга чейин жылдырылды


Centerra Gold Inc. менен кыргыз өкмөтү 2017-жылдын 11-сентябрында кол койгон Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестициялык өнүгүү стратегиялык келишимин аткаруу мөөнөтү жылдырылды. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» сайтында маалымдайт.

Келишимди аткаруу мөөнөтү 20-апрелден 31-майга жылдырылды. Компания кыргыз өкмөтү менен келишимдеги соттук териштирүүлөрдү токтотуу, жерди колдонууга уруксат берүү жана башка шарттарды аткаруу үчүн кызматташууга даяр.

«Алдын-ала макулдашуунун бир топ шарттары аткарылып, «Кумтөрдүн» иштөөсүнө керектүү уруксат кагаздары берилди. Андан тышкары, өкмөт Мамлекеттик техникалык инспекция берген доо арыздарды соттон кайтарып алды» — деп айтылат маалыматта.

Centerra Gold Inc. келишим толук аткарыларынан күмөн санарын белгилейт.

«Талаш маселелерди так жана толук чечүүгө болгон тоскоолдуктар киреше, акчалай төлөмдөр жана компаниянын финансалык абалына терс таасирин тийгизет» — дейт Centerra.

Эң көп окулган жаңылыктар