20:50
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тогуз-Тородогу митингден кийин камалгандардын арасында мектеп окуучулары да бар

Тогуз-Тородо баш аламандыктан улам камакка алынгандардын арасында мектеп окуучулары дагы бар. Бул тууралуу бүгүн, парламенттин жыйынында депутат Сайдулла Нышанов билдирди.

Депутат аталган аймак тургундары кайрадан митингге чыкканын айтты.

«Кармалгандардын арасында эки мектеп окуучусу бар экен. Акүйдүн алдына митингге чыккандар балдарды кое берүүнү суранып жатышат. Эгер алар көпкө кармалса келечегине доо кетип калышы мүмкүн», — деди Сайдулла Нышанов.

Эскерте кетсек, 11-апрель күнү түзүмдөр аралык комиссиянын курамына кирген 30 адам «Макмал алтынкен» комбинатынын эски фабрикасынын жанында жергиликтүү тургундарга «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын алтын иштетүүчү фабрикасы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Жолугушууга 1000 жакын адам чогулуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маалында аягына чейин угушпай, комиссия тарапка жана коомдук коопсуздукту камсыздап турган милиция кызматкерлерине дагы таш ыргытышкан. Чогулгандардын көбү жаш адамдар болгондуктан, «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын алтын иштетүүчү фабрикасынын аймагына кирип барышып, тосмолорун бузушкан, андан сырткары, салынып жаткан чарба курулуштарын өрттөп жиберген. 17- апрелде Биринчи май райондук соту Тогуз-Тородо катталган окуя боюнча кармалган 15 кишинин баш коргоо чарасын аныктаган. Кармалгандардын арасынан үч аял үй камагына чыгарылып, калгандары № 1-убактылуу кармоочу жайга эки айга камакка алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар