15:39
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жусуп Абдырахманов жөнүндө тасма тартылат

Алгачкы кыргыз интеллигенциясынын эң мыктысы, мамлекеттик ишмер Жусуп Абдырахманов жөнүндө даректүү тасма тартылат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда тасманы тартуу үчүн режиссерлор арасында сынак жарыяланган. Тасманын сценарийи «Кыргызфильм» киностудиясынын көркөм кеңеши тарабынан кабыл алынып, тарыхчылары тарабынан жактырылган.

Сынакка катышууну каалаган кинорежиссерлор 1-июлга чейин «Аскар Салымбеков фондуна» кайрылса болот.

Жусуп Абдырахманов 1901-жылы Ысык-Көл облусунун Чиркей деген айылда манаптын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөлүшүнө зор салымын кошкон. Мамлекеттик ишмер 36 жашында эл душманы деген жалаа менен репрессияга дуушар болуп, атылган. Артында Ленина Абдырахманов аттуу кызы калган.

Эң көп окулган жаңылыктар