19:06
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Окуучуларга жөнөкөй телефон көтөрүүгө гана уруксат берүү сунушталууда

«Мектепте колдонулуучу уюлдук телефондор байланышуу максатында гана колдонууга ылайыктуу болуп, интернети бар смартфондорду пайдаланууга болбойт». Мындай пикирин депутат Махабат Мавлянова бүгүн, Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Депутат «КР жалпы билим берүү уюмдарында инсандын адеп- ахлагын жана интеллектуалдык өнүгүүсүн сактоо, окуудагы жетишүүсүнүн сапатын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндөгү» Жогорку Кеңештин токтом долбоору тууралуу баяндама жасады.

Депутаттын айтымында, смартфондорду пайдалануу балдардын жик — жикке бөлүнүүсүнө алып келип, психологиялык өйдө — ылдый абалдын түзүлүшүнө түртөт.

Мунун менен катар мектеп окуучуларынын формасы окшош болуп, кыздар такасы3 см. бийик бут кийим кийбеши керек деген сунуш жактырылды.

Талкуу жүрүшүндө токтом долбоорунда камтылган маселелер Билим берүү жана илим министрлигинин ички буйругу менен жөнгө салына турган маселе экендигин белгилеген өкмөт өкүлү бул жааттагы сунуштарды дыкат иштеп чыгууга кошумча убакыт берүүнү суранды. Ошентип, аталган долбоор 1 ай аралыгында дагы такталып иштелип чыга турган болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума