Өкмөт мамлекеттик карыздын көлөмүн ички дүң продукциянын 70% ашырбоо максатында Бюджет кодексине өзгөртүү киргизүүдө. Мындан тышкары бюджеттин таңкыстыгы ИДПнын 3% жогору болбошу керек. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирет.
Учурда Бюджет кодексине киргизилген мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосунда.
2018-жылдын 28-февралына карата мамлекеттик карыз 4, 4миллиард долларды түзгөн. Бул ИДПнын 55,7% барабар. Алардын ичинен тышкы карыз — 3,8 миллиард доллар.
Кыргызстан Кытайдын Экспорт-импорт банкына 1,7 миллиард доллар бересе. Бул тышкы карыздын 44% түзөт.
2018-жылдын январь-март айларында өкмөт мамлекеттик карызды тейлөө үчүн 2,4 миллиард сом жумшаган.