08:06
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Тогуз-Торонун тургундары Акүйдүн алдына митингге чыгышты

Тогуз-Торонун тургундары Акүйдүн алдына митингге чыгышты.

Маалыматка ылайык, алар камакка алынган тургундардын боштондугун талап кылышууда. Милиция кызматкерлери абалды көзөмөлгө алып жатат.

Эскерте кетсек, 11-апрель күнү түзүмдөр аралык комиссиянын курамына кирген 30 адам «Макмал алтынкен» комбинатынын эски фабрикасынын жанында жергиликтүү тургундарга «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын алтын иштетүүчү фабрикасы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Жолугушууга 1000 жакын адам чогулуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маалында аягына чейин угушпай, комиссия тарапка жана коомдук коопсуздукту камсыздап турган милиция кызматкерлерине дагы таш ыргытышкан.

Чогулгандардын көбү жаш адамдар болгондуктан, «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын алтын иштетүүчү фабрикасынын аймагына кирип барышып, тосмолорун бузушкан, андан сырткары, салынып жаткан чарба курулуштарын, курулуп жаткан үйлөрдү техникалары менен өрттөп жиберген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык), 174-беренеси (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу, өрттөө) жана 233-беренесине (массалык тартипсиздик) ылайык кылмыш иши козголгон.

11-апрелде аталган окуяга байланыштуу 15 киши камакка алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар