03:20
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Депутат: Өкмөт улуттук маданиятты бюджеттин калдыгы менен каржылап келет

Бүгүн, Жогорку Кеӊеште жаӊыдан түзүлө турган өкмөттүн программасы, анын түзүмү менен курамын талкууланууда.

Маселе каралып жатканда, депутат Садык Шер-Нияз өкмөт ушул кезге чейин улуттук маданиятка жетиштүү көӊүл бурбай, бюджеттин калдыгы менен каржылап келге жатканын айтты.

Ал премьер-министрликке талапкерди маданиятка жакшылап көӊүл бурууга чакырды. Эл өкүлү маданият кызматкерлери кошоматтардан алыс болуп, улуттун келечеги үчүн кам көрө турганын кошумчалады.

Премьер-министрликке талапкер Мухаммедкалый Абылгазиев буга чейин маданият тармагы бюджеттик каражаттын тартыштыгына байланыштуу жетишсиз каржыланып келгенин моюнга алып, маданият тармагында иштеген адамдарга шарт түзүү зарылдыгын белгиледи.

«Албетте, өлкөнүн өнүгүшүндө маданияттын мааниси зор. Кыргызстан өзүнүн улуттук маданиятынын өзгөчөлүгү менен алыска тааныла алат. Биздин өкмөт бул багытта алгылыктуу чараларды көрөт», — деп кошумчалады ал.

Эң көп окулган жаңылыктар