10:10
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Момбеков: Эркелеген балдар кетип, өкмөткө чапанын сүйрөгөн чалдар келди

«Эркелеген балдар кетип, өкмөткө чапанын сүйрөгөн чалдар келди»  деп билдирди депутат Рыскелди Момбеков бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында.

Ал Сапар Исаковдун өкмөтүн «эркелеген балдардын өкмөтү» деп сыпаттады.

«Эркелеген өкмөт эрте кетип, ордуна чапанын сүйрөгөн чалдар келиптир. Жаны дейин десем, баары эле «б/у».

Сиздин биринчи вице-премьер-министрлериңиздин бири курулушчу, бири милиционер, үчүнчүсү географ, төртүнчү тарыхчы экен. Экономиканын эбин кантип табабыз?»  деп суроо узатты.

Өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, Замирбек Аскаров экономикалык тармакты жетектейт. «Замирбек Аскаров Ош шаарынын мэринин орун басары болуп иштеген. Тажрыйбасы бар. Андан тышкары, мурда өкмөттө иштеген Олег Панкратов экономика министри болот»  деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар