12:53
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Абылгазиев программасын «Биримдик, ишеним жана түзүү» деп атады

Бүгүн парламенттин кезексиз жыйынында өкмөт башчылыгына талапкер Мухаммедкалый Абылгазиев бардык саясий күчтөдү биригүүгө чакырды.

Ал программасын «Биримдик, ишеним жана түзүү» деп атаган. Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт үй-бүлөнү сактап, ага кам көрүүгө өзгөчө көңүл бурушу керек деп эсептейт.

«Президент Сооронбай Жээнбеков элдин ишенимин актоо үчүн иштеп жатат. Бийликтин бардык бутагы коомчулук менен бирге мамлекет башчыга колдоо көрсөтүү керек», — деди Абылгазиев.

Эң көп окулган жаңылыктар