18:43
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте 4-класстын окуучусу изделүүдө

Бишкекте 4-класстын окуучусу изделүүдө. Бул тууралуу кыздын апасы Асыл Рахманов маалымдоо каражаттарына билдирди.

Маалыматка ылайык, кызы Азру Дуран кечээ, 19- апрелде «Көк-Жар» кичи районундагы үйүнөн мектепке деп чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

«Бүгүн 20- апрелде, саат 7:30 чамасында кызымды классташы кезиктирген. Ал таза жана тыкан кийинип алганын айтты. Классташынан менин издеп жүргөнүмдү уккан соң коркуп кетип, курстан кечигип жатам деген шылтоо айтып мектептен кетип калган», — дейт анын апасы.

Кызды көрүп, билгендер болсо аны төмөнкү номерге чалып, билдирип коюну суранат: 0705 211 288 — Асыл Рахманов.

Эң көп окулган жаңылыктар