17:09
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Өкмөт кеткенден кийин көпчүлүк коалициясынын курамын өзгөртүү маселеси каралат

Өкмөттүн отставкасынан кийин көпчүлүк коалициясынын курамын өзгөртүү маселеси каралат. Бул тууралуу 24.kg" агенттигине депутат Акылбек Жамангулов билдирди.

Анын айтымында, эл өкүлдөрү мамлекет башчынын буйругун күтүүдө.

«Эгер президент парламенттин чечимин колдобосо, анда Сапар Исаков ишин улантат. Бүгүн так жообун алабыз деп ойлойм», — деди депутат.

Ал учурда коалициялык көпчүлүктүн курамын өзгөртүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын тастыктады.

«Бирок кайсыл фракциялар кире турганын азырынча так айта албайм», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар