15:32
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Мирзиеевден дагы бир кескин чара. Бул жолу бекер жумушчу күчүнө каршы

Өзбекстанда мажбурап иштеткен ар бир учур өзгөчө кырдаал катары каралат. Бул боюнча президент Шавкат Мирзиёев атайын тапшырма бергенин видеоселектордук жыйында премьер-министр Абдулла Арипов билдирди.

«Силер, жетекчилер, терс аракеттериңер менен аткаруу бийлиги жүргүзүп жаткан, өзгөчө мамлекет башчы жүргүзүп жаткан саясатка негативдүү эффект берип жатасыңар», —деп айтты өзбек өкмөт башчысы.

​Премьер-министр мамлекеттин жумуштарын мажбурлап иштетүү калктын кыжырына тийерин, эл аралык нормаларды жана мыйзамдарды одоно бузуу болуп эсептелерин белгиледи.

«Эгер ушундай иштер болуп жатса, мугалимдер менен дарыгерлер кантип өз тармактарында иликтөөлөрдү жүргүзүшөт? Билим берүүнүн сапатын көтөрүп, балдарга тарбия берүүнүн ордуна окутуучулар таптакыр башка иштер менен алек болушууда. Медициналык кызматкерлер ар кыл оорулардын алдын алуунун ордуна мажбурлоо жолу менен башка иштерге тартылышууда. Эң кызыгы — алар тазалык жумуштарына ак халатчан чыгышып, кайра ошол кийим менен эле бейтаптарды дарылашууда», — деди Абдулла Арипов.

Абдулла Арипов Өзбекстанда Коомдук иштер фонду түзүлгөнүн, бирок көпчүлүк чиновниктер анын иштөө механизмдерин билбей турганын белгиледи. Кор курулуш, ремонт, тазалык иштери үчүн жумушсуз жүргөн кишилерге акы төлөп берет.

Буга чейин Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Сырдарыя облусунун Сайхунабад районунун активисттери жана жооптуу жетекчилери менен жолугушуу учурунда мугалимдерди тазалык иштерине мажбурлап чыгарган аткаминерлерди иштен аларын эскерткен.

Эскерте кетсек, Ислам Каримовдун бийлигинде Өзбекстанда бекер жумушчу күчү кеңири колдонулуп, мажбурлоо жолу менен балдардан тарта, бюджет кызматкерлери пахта терүү, тазалоо иштерине тартылып келген.

Эң көп окулган жаңылыктар