Аксыда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-апрель күнү саат 12:32де Кыргызстандын аймагында күчү 3-3,5 баллга чейин жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим, Сыны жана Мукур айылдарында 3,5 баллга, Кербен айылында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.