12:18
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ош шаарындагы эс алуучу жайлардын 98 пайызы оңдоп-түзөөдөн өттү

16-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев № 1-«Туран» жана № 12-"Курманжан-Датка2«аймактык кеңештеринин тургундары менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга мекеме-ишканалардын жетекчилери да катышып, көйгөйлүү маселелерди жеринде чечүүгө шарт түзүлдү.

Жыйындын башында шаар жетекчиси Айтмамат Кадырбаев жыл ичинде аткарылган жумуштар, ийгиликтер менен бөлүшүп, маалымат берди.

«Акыркы 4 жылдын ичинде Ош шаарында 3 чоң көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. А.Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушуна бөлүнгөн каражатты максаттуу жана үнөмдүү пайдаланылып, үнөмдөлгөн акча каражаттын эсебинен Н.Исанов көчөсү менен Ленин көчөсүн бириктирген көпүрөнүн, Сай-Бою жана Тилеке Баатыр көчөлөрүн бириктирүүчү көпүрөнүн жана жаңыдан пайдаланууга берилген жайкы сахнанын курулушу ишке ашты. Мындан сырткары, шаарда жарыктандыруу боюнча тынымсыз иш аракеттер жүрүп, шаардагы бардык 640 көп кабаттуу үйлөрдүн короолору жарыктандырылды. Ошондой эле, эс алуу жайларын реконструкциялап, шаардыктардын эс алуусуна кам көрүп, туризм багытын өнүктүрүүгө бет алдык. Учурда шаардагы парктардын 98% оңдоп-түзөөдөн өттү. Учурда жүз жылдык тарыхы бар Т.Сатылганов багында оңдоо иштери башталды», — деди Кадырбаев.

Мындан сырткары, буга чейинки аталган аймактын жашоочулары менен болгон жолугушууда берилген протоколдук тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө маалымат берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар