20:23
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Быйыл Жалал-Абадда 150 миң гектардан ашык жерди иштетүү пландалууда

Быйылкы жылы Жалал-Абад областынын айыл чарбасында рентабелдүү эгиндерди эгүү, көп түшүм алуу менен фермерлерди кирешесин арттыруу максатында 154 миң 300 гектар жерди иштетүү пландаштырылды. Бул тууралуу облустун администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Бардык дан жана чанактуу өсүмдүктөрдүн эгин аянты 64 миң 300 гектарды, анын ичинен буудай аянты 18 миң 500 гектарды, арпа аянты 6500 гектарды, дандык жүгөрү аянты 33 миң 900 гектарды, чанактуу дан эгиндеринин аянты 800 гектарды, башка дан өсүмдүктөрүнүн аянты 5700 гектарды түзүүсү күтүлүүдө.

Андан тышкары, пахтанын аянты 12 миң 700 гектарды, тамекинин аянты 100 гектарды, май өсүмдүктөрүнүн аянты 13 миң 100 гектарды, картошканын аянты 9400 гектарды, жашылчаныкы 11 миң500 гектар, бакча өсүмдүктөрүнүн аянты3800 гектар, жалпы тоют өсүмдүктөрүнүн аянты 39 миң 300 гектар болору пландаштырылган.

Азыркы тапта бардык айыл чарбалуу аймактарда жазгы иштер башталып, эгинге жерди даярдоо, күйүүчү жана майлоочу, техникалык каражаттарды камдоо, кароодон өткөрүү иштери жүрүп жатат. Жергиликтүү бийликтер фермерлерге насыя каражаттарын берүү, зарыл каражаттарды камсыздоо жагынан иш алып барышууда.

Быйылкы жылдын 1-апрелине карата "Айыл чарбасын каржылоо-6"программасын алкагында Айыл Банк аркылуу облустун айыл чарба өндүрүүчү 224 субъектилерине жалпы суммасы 93 миллион 870 миӊ сом жеӊилдетилген насыялар берилген. Ал талаачылык жана мал чарбасына −10 пайыздан, кайра иштетүү тармагына −6 пайыздан берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар