17:03
USD 69.84
EUR 79.25
RUB 1.06

Чүй облусунда аялды күйөөсүн бычактады

Чүй облусунун Беловодск айылында келип чыккан үй бүлөлүк чатактан улам аялы күйөөсүн бычактады. Бул тууралуу шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14- апрелде, саат 19.30 чамасында Москва райондук ИИБ кызматына адам өлүмү тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя катталган жерге барга милиция кызматы киши колдуу болуп өлгөн 36 жаштагы Х.А. аттуу жарандын жансыз денесин табышкан. Кылмышка шектүү катары маркумдун аялды кармалган. Ал күнөөсүн мойнунда алып, чатактан улам күйөөсүнө бычак урганын айткан.

Аталган факт боюнча кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин (Киши өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар