Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында катталган жол кырсыгынын кесепетинен улам 10-класстын окуучусу каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 13-апрелде катталган. Ак-Дөбө айылынын тургуну шайтан арабачан мектеп окуучусун койдуруп кеткен.
Учурда айдоочу камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.